Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 153

Кытайда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталып 4 адам каза болуп, 23 адам жаракат алды.

Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, 18-май күнү 21:47лер чамасында (Бишкек убактысы менен 19:47) Юньнань аймагында күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Андан 5,5 миллион калкы бар Чжаотун шаарынын Цяоцзя калаасында үйлөр имараттар жабыркаган.  Ошондой эле алдын ала маалыматтар боюнча 4 адам каза болуп, 23 адам жаракат алган. Учурда жаратылыш кырсыгынан жабыркаган Цяоцзя калаасынын тургундарын башка аймактарга көчүрүү жана дайынсыз болуп жаткандарын издөө иштери жүрүп жатат. 

Булак: media-center.kg