Кытай Эл Республикасынын Израилдеги элчисинин жансыз денеси өзүнүн резиденциясында табылды.
Полициянын маалыматы боюнча, 17-майда эртең менен Тель-Авива аймагында жайгашкан резиденциядан дипломаттын өлүгү табылган. Жергиликтүү ММКлар элчинин өлүмү табигый болгонун, капысынан жүрөгү кармап калгандыгын маалымдаган.
57 жаштагы Ду Вэй бул кызматка 2020-жылдын февраль айында дайындалган. Ага чейин Кытайдын Украинадагы элчиси болгон.
Булак: Элгезит