Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 128

Кечээ, 7-майда Франциянын премьер-министри Эдуар Филипп кийинки жумадан баштап карантиндик чаралар жеңилдетиле турганын жарыялады.

Бул тууралуу ВВС маалымдады. Чектөөлөр акырындык менен жеңилдетилет. Ал эми оорунун экинчи толкуну башталышы мүмкүн болгон аймактарда катуу чаралар күчүндө калат. Өкмөт мындай аймактарды «кызыл зона» деп атаган. Булардын катарына көбүнчө өлкөнүн түндүк-чыгышындагы аймактар кирет, тактап айтканда ири шаарлар, анын ичинде Париж, Лилль, Страсбург бар.

«Кызыл зоналарда" дагы көпкө чейин мектептер жана парктар жабык болот. Ал эми "жашыл зонадагы" мектептер, кафе жана ресторандар июнь айынан баштап ачылат. Бирок чектөөлөр алынгандан кийин да үйүнөн 100 чакырым алыс бара турган жашоочулар документ көрсөтүшү керек», - деп айтылат маалыматта.

Булак: Баракелде