Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 138

Интернет айдыңында Тажикистандын президенти Эмомали Рахмон коронавирус инфекциясын жуктуруп алганы кызуу талкууланып жатат.

Далил катары flightradar24.com сайтынан алынган скриншот келтирилген. Ал жакта 3-май күнү N163PA номериндеги учак Душанбеден Германиянын Рамштайн шаарына учуп кеткен.

Бул тууралуу жарандык активист, Тажикстандын  оппозиция өкүлү  Шарафидин Гадоев өзүнүн социалдык баракчасына жазган.
Кызуу талкуу жараткан бул маалыматтын чын-төгүнүн «ПолитКлиника» сайты изилдеп чыккан.

Алгач учактын борт номуру боюнча кайсы авиакомпания экендиги аныкталган. Жыйынтыгында Phoenix air компаниясынын медициналык багыттагы учактары бар экени чын болуп чыкты. Алар Эбола оорулууларын Африкадан чыгарып жүргөн. N163PA номерлүү учак 15-мартта коронавирус менен ооруган АКШнын жаранын Бутандан чыгарып кеткен.

Бутанга учуу Flightradar24.com сайтына жазылып калган.

Flightradar24.com сайтынан
Ушул эле ресурс, учак Душанбеге келип, Германияга учуп кеткенин көргөзүп турат.

Тажикистандын президентинин расмий сатындагы маалыматта Эмомали Рахмон Тажикистандын президенти өкмөттүн жыйынына катышканы айтылат. Бирок, ал жыйындан сүрөт жана видео жарыяланган эмес.

Жыйынтык:

N163PA борт номерлүү учактын медициналык багытта колдонулаары — чын. Мурдарак (13-мартта) ал учак коронавирус менен ооруган кишини (АКШнын жаранын) алып чыгуу үчүн колдонулган.
N163PA борттук номерлүү учактын 3-майда Душанбеге учуп келгени чык. Ал жактан Рамштайн шаарына жакын жердеги аскердик базага учуп кеткен, андан ары Канада аркылуу АКШга учкан.
Эмомали Рахмон коронавирус жуктуруп алды деген маалымат — далилденген жок.
Тажикистандын президентин Германияга учакта алып чыгып кетишти деген маалымат — далилденген жок.
Эскерте кетсек, 5-майга карата Тажикстанда коронавирус жугузуп алгандардын саны 230га жетти. 30-апрелге чейин расмий түрдө өлкөдө коронавирус жок деп айтылып келген.

Булак: ПолитКлиника