Бишкек, “Саясат.kg”. Өзбекстанда 4-майга карата саат 10:00до коронавирус жуктургандардын жалпы саны 2160 адамга жетти.
Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдирди.
Анын маалыматы боюнча, бүгүн эртең менен дагы 11 адамдан коронавирус илдети аныкталды. Ал эми, бул илдеттен 1308 бейтап айыгып, 10 адам каза тапкан.