Тажикстандагы күчү 5 баллга жеткен жер титирөө Ошто да сезилди.
Бул тууралуу КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, күн мурун, 3-майда саат 20:42де Тажикстан Республикасынын аймагында очогунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Ош облусунун Чоң-Алай районунун Карамык, Кара-Тейит, Шибээ айылдарында – 3 баллга чейин сезилген.
Жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Булак: Элгезит