Улуу Британия коронавирус жуктуруунун туу чокусунан өттү. Бул тууралуу өлкөнүн премьер-министри Борис Жонсон билдиргенин ВВС маалымдады.

«Биз туу чокудан өтүп, төмөн түшүп жатабыз. Тоодогу узун тоннелден өткөндөй болдук, эми алдыбызда жарык көрүп жатабыз», - деди ал.

Жонсон кийинки жумада карантин чараларын солгундатуу жана экономиканы калыбына келтирүү боюнча планды айта турганын убадалады. Анын айтымында, оору жуктуруунун деңээли төмөндөшү карантиндик эрежелерди жеңилдетүүгө шарт түзөт. Ал күнүгө 100 миң жаранды тесттен өткөрүү дээрлик ишке ашканын кошумчалады. Жакында эле Улуу Британияда бир күндө 80 адамдан тест алынды.

Жонсон өзү да коронавирус жуктуруп, март айынын башында ооруканага жаткырылган. Ал 3 күн жандандыруу бөлүмүндө болуп, айыккандан кийин жумушуна кайткан.

Акыркы маалыматтар боюнча, Улуу Британияда коронавирустан 26711 адам каза болду.

Булак: Баракелде