Россиянын премьер-министри Михаил Мишустин өзүнөн коронавирус инфекциясы аныкталганын билдирди.

Бул тууралуу ТАСС маалымдады.

Мушистин президент Владимир Путин менен болгон видео байланышта: «Жаңы эле коронавируска тапшырган тесттин жыйынтыгы чыгып, оору аныкталды», - деген.

ТАСС басылмасынын маалыматы боюнча, Мишустин оорудан айыкканча министрлер кабинетинин башчы кызматын убактылуу аткаруу үчүн өзүнүн биринчи орун басары Андрей Белоусовдун талапкерлигин сунуштады.

«Өкмөт штаттык режимде иштейт, мен бардык негизги маселелер боюнча телефон жана видео байланыш аркылуу активдүү сүйлөшүүнү пландап жатам. Убактылуу милдетимди аткаруу үчүн Андрей Рэмович Белоусовдун [биринчи вице-премьер] талапкерлигин сунуштайм», - деди премьер.

Булак: Баракелде