Бишкек, “Саясат.kg”. Бүгүн, саат 14:00гө карата Өзбекстанда дагы 15 адам коронавирус инфекциясын жуктургандыгы анык болду.
Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдирди.
Муну менен өлкөдө коронавирус илдетине чалдыккандардын жалпы саны 1939 адамга жетти. Ал эми, 900 адам бул илдеттен айыгып чыгып, 8 адам каза тапкан.