Кечээ, 19-апрелде саат 23:10го карата Казакстанда дагы 35 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды.
Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Жаңы учурлар Батыш Казакстан (16), Алматы (3), Түндүк Казакстан (1), Түркстан (3), Кызыл-Ордо (1) облустарында, Алматы (6) жана Чымкент (5) шаарларында катталды. Муну менен Казакстанда коронавирус жуктургандардын саны 1711 адамга жетти.
Кыргызстанда 554 адамдан коронавирус аныкталып, 5 бейтап көз жумду.
Өзбекстанда 1565 адам коронавирус жуктурду.
Булак: Баракелде