Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 137

Бүгүн, 17-апрелде саат 12:25ке карата Казакстанда дагы 10 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды.

Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Жаңы учурлар Нур-Султан (5) шаарларында, Актөбө (4), Түркстан (1) облустарында катталды. Муну менен Казакстанда коронавирус жуктургандардын саны 1480 адамга жетти.

Алардын ичинен:

- 461 адам Алматы шаарында;
- 333 адам Нур-Султан шаарында;
- 143 адам Кызыл-Ордо облусунда;
- 81 адам Акмола облусунда;
- 87 адам Караганда облусунда;
- 72 адам Атырау облусунда;
- 53 адам Жамбыл облусунда;
- 56 адам Түркстан облусунда;
- 46 адам Чымкент шаарында;
- 29 Түндүк Казакстан облусунда;
- 29 адам Алматы облусунда;
- 30 адам Батыш Казакстан облусунда;
- 18 адам Актөбө облусунда;
- 15 адам Павлодар облусунда;
- 12 адам Мангистау облусунда;
- 8 адам Чыгыш Казакстан облусунда;
- 7 адам Костанай облусунда.

Булак: Баракелде