Бүгүн, 17-апрелде саат 10:05ке карата Казакстанда дагы 68 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды.
Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Жаңы учурлар Алматы (44), Чымкент (1), Нур-Султан (2) шаарларында, Батыш Казакстан (4), Кызыл-Ордо (9), Караганда (3), Түркстан (2), Павлодар (2) жана Атырау (1) облустарында катталды. Муну менен Казакстанда коронавирус жуктургандардын саны 1470 адамга жетти.
Алардын ичинен:
- 461 адам Алматы шаарында;
- 328 адам Нур-Султан шаарында;
- 143 адам Кызыл-Ордо облусунда;
- 81 адам Акмола облусунда;
- 87 адам Караганда облусунда;
- 72 адам Атырау облусунда;
- 53 адам Жамбыл облусунда;
- 55 адам Түркстан облусунда;
- 46 адам Чымкент шаарында;
- 29 Түндүк Казакстан облусунда;
- 29 адам Алматы облусунда;
- 30 адам Батыш Казакстан облусунда;
- 14 адам Актөбө облусунда;
- 15 адам Павлодар облусунда;
- 12 адам Мангистау облусунда;
- 8 адам Чыгыш Казакстан облусунда;
- 7 адам Костанай облусунда.
Булак: Баракелде