Бүгүн, 16-апрелде саат 12:25ке карата Казакстанда дагы 10 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды.

Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Жаңы учурлар Нур-Султан шаарында (3 адам), Алматы (4 адам), Түндүк Казакстан (1 адам), Акмола (1 адам) жана Жамбыл (1 адам) облустарында катталды. Муну менен Казакстанда коронавирус жуктургандардын саны 1341 адамга жетти.

Алардын ичинен:

- 393 адам Алматы шаарында;

- 305 адам Нур-Султан шаарында;

- 131 адам Кызыл-Ордо облусунда;

- 81 адам Акмола облусунда;

- 84 адам Караганда облусунда;

- 70 адам Атырау облусунда;

- 50 адам Жамбыл облусунда;

- 49 адам Түркстан облусунда;

- 43 адам Чымкент шаарында;

- 29 Түндүк Казакстан облусунда;

- 29 адам Алматы облусунда;

- 25 адам Батыш Казакстан облусунда;

- 14 адам Актөбө облусунда;

- 13 адам Павлодар облусунда;

- 12 адам Мангистау облусунда;

- 8 адам Чыгыш Казакстан облусунда;

- 5 адам Костанай облусунда.

Булак: Баракелде