Бишкек, “Саясат.kg”.  Өзбекстанда 16-апрелге карай түнү саат 22:30да дагы 137 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды.

Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди. Ошону менен бейтаптардын жалпы саны 1302 адамга жетти. Ал эми, бул дарттан 107 адам айыгып, 4 киши каза тапты.