Россияда бир суткада коронавирус инфекциясынын кесепетинен 28 адам каза болду.
Бул эпидемия башталгандан бери бир күндө каза болгон бейтаптардын саны боюнча рекорддук көрсөткүч экенин өлкөнүн ыкчам штабы билдирди.
Россияда коронавирустан каза болгондордун саны 198 адамга жетти. Каза болгондордун көбү — 106 адам Москва шаарында. Андан кийинки орунда Подмосковье (26), Санкт-Петербург (5), Башкортостан (5) жана Чеченстан (5) турат.
Бир суткада Россияда 3388 учур катталып, бейтаптардын жалпы саны 24 490 адамга жетти.
Булак: Баракелде