Бишкек, “Саясат.kg”. Кечээ, 14-апрелде саат 23:00гө карата Өзбекстанда дагы 52 адамдан бул дарт аныкталды.
Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинен маалымат берген.
Өзбекстан министрлигинин маалыматы боюнча, муну менен өлкөдө коронавирус илдетине чалдыккандардын жалпы саны 1165 адамга жеткен. Анын ичинен 99 бейтап бул илдеттен айыгып, 4 адам каза тапкан.
Эскерте кетсек Кыргызстанда 430 адамдан коронавирус аныкталып, анын ичинен 5 адам көз жумду.
Казакстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 1232 адамга жеткен.