Бишкек, “Саясат.kg”. Россияда бир сутка ичинде коронавирус инфекциясы 2774 адамдан аныкталды.
Бул тууралуу Россия өлкөсүнүн коронавирус боюнча ыкчам штабдан маалымдаган.
Ал эми, жаңы учурлар 51 аймакта катталды. Ошону менен өлкөдө COVID-19 илдетин 21 102 адам жуктуруп, анын ичинен 1694 бейтап айыгып, 170 адам каза тапкан.