Бүгүн, 14-апрелде саат 10:25ке карата Казакстанда дагы 88 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды.
Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Министрликтин маалыматы боюнча, жаңы учурлар Алматы шаарында (75 адам), Нур-Султан шаарында (4 адам), Түркстан (3 адам), Жамбыл (3 адам) , Атырау (1 адам), Караганда (1 адам) облустарында катталды. Муну менен Казакстанда коронавирус жуктургандардын саны 1179 адамга жетти.
Алардын ичинен:
- 264 адам Нур-Султанда;
- 346 адам Алматыда;
- 78 адам Караганда облусунда;
- 73 адам Акмола облусунда;
- 63 адам Атырау облусунда;
- 49 адам Жамбыл облусунда;
- 39 адам Шымкент шаарында;
- 8 адам Чыгыш Казакстан облусунда;
- 22 адам Алматы облусунда;
- 21 адам Актөбө облусунда;
- 26 адам Түндүк Казакстан облусунда;
- 10 адам Павлодар облусунда;
- 10 адам Мангистау облусунда;
- 119 адам Кызыл-Ордо облусунда;
- 9 адам Батыш Казакстан облусунда;
- 43 адам Түркстан облусунда;
- 3 адам Костанай облусунда.
Булак: Баракелде