Бүгүн, 9-апрелде саат 10:00гө карата Казакстанда дагы 32 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды.
Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Министрликтин маалыматы боюнча, жаңы учурлар Акмола облусунда (13 адам), Алматы шаарында (1 адам), Кызыл-Ордо облусунда (7 адам), Батыш Казакстан облусунда (2 адам), Атырау облусунда (3 адам), Караганда облусунда (2 адам) жана Шымкент шаарында (4 адам) катталды. Бүгүнкү күндө Казакстанда коронавирус жуктургандардын саны 759 адамга жетти.
Кыргызстанда 280 адамдан коронавирус аныкталып, 4 бейтап каза болду.
Булак: Баракелде