ВВС'нин кабарчысы Лондон шаарындагы ооруканада бир күн болуп, медицина кызматкерлеринин иши менен таанышты.
Университеттин колледжинин бөлүмүн коронавирус жуктурган бейтаптар үчүн палата катары даярдашкан.
Көптөгөн бейтаптар оор абалда. Дарыгерлердин айтымында, вирус адамдын организминде бат өөрчүп, ал эми жандандыруу бөлүмүнө ар кандай жаш курактагы бейтаптар түшүп жатат.
«Бул ойго келбес нерсе. Биз керек болсо ооруну жуктуруунун эң жогорку көрсөткүчүнө жете элекпиз. Биздин эки бейтаптан башкасынын баары коронавирус жуктургандар. Көп бейтаптар түшүп, биз жетишпей жатабыз. Биздин арабыздан эч ким мындайга туш болгон эмес. Жаш курагы өтүп, буга чейин ооруп жүргөн бейтаптар түшөт деп ойлогом. Бул жерде 40 жаштан 70 жашка чейинки адамдар бар.
Коргоочу кийим менен 2 сааттан ашык жүрө албайсың, башың ооруп, оозуң кургап, аны чечүүгө мажбур болосуң. Учурда биздин үй-бүлөбүзгө оңой эмес болуп жатат. Балдарым жана жубайым үйдө, алар менин жашоомду жеңилдетет, мен эмгектенүүнү улантып жатам. Алар бул жерде эмне болуп жатканын, мен вирусту үйгө алып барышым мүмкүн экенин билишпейт», - деди дарыгер Жим Даун.
Булак: Баракелде