Бишкек, “Саясат.kg”. Бүгүн, 8-апрелде саат 10:00гө карата Өзбекстанда дагы 14 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды.
Бул тууралуу Өзбекстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги маалымдаган.
Ошондой эле Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 534 адамга жетти. Ал эми, 2 бейтап каза болуп, ичинен 30 адам бул илдеттен айыкты.
Эскерте кетсек бүгүн Кыргызстанда 270 адамдан коронавирус аныктаган.
Ал эми, Казакстан өлкөсүндө коронавирус жуктургандардын саны 704 адамга жетти.