Бишкек, “Саясат.kg”. Бүгүн, 7-апрелде саат 15:00гө карата Өзбекстанда коронавирус илдетине чалдыккандардын саны 32 адамга көбөйдү.
Ал эми, жалпы саны 504 адамга жетти. Бул тууралуу Өзбекстан өлкөсүнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы маалымдаган.
Эскерте кетсен бүгүн эртең менен Өзбекстанда коронавирус аныкталгандардын жалпы саны 472 адамды түзгөн болчу.