Россияда акыркы суткада 1154 адамдан коронавирус аныкталды.
Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин ыкчам штабы билдирди.
«РИА Новости» басылмасынын маалыматы боюнча, бейтаптар өлкөнүн 43 аймагында жашайт. Бир суткада коронавирустан 11 адам көз жумду. Алардын ичинен Москва шаарында 2 адам, Подмосковьеде 5 адам жана Краснодар, Бурятия, Приморье жана Иркутск облустарында бирден адам каза болду.
Ошондой эле Москва шаарында 16, Москва облусунда 13, Чеченстанда 12, Свердлов облусунда 9, Воронежде 5 бейтап ооруканадан чыгарылды. Мындан тышкары Нижегород, Киров жана Сахалин облустарында төрттөн адам, Якутия, Калининград жана Орлов облустарында үчтөн адам, Перм аймагында, Татарстан, Костромск жана Челябинскте экиден адам, Мордовия, Краснодар аймактарында, Тамбов жана Белгород облустарында бирден адам бул илдеттен айыкты.
Бүгүнкү күндө Россияда коронавирус жуктургандар 7497 адамга жетип, 58 адам каза болду.
Булак: Баракелде