Бүгүн, 7- апрелде саат 14:10го карата Казакстанда дагы 15 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды.
Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Жаңы учурлар Караганда (7 адам), Жамбыл (5 адам), Костанай облусунда (2 адам) жана Шымкент шаарында (1 адам) катталды. Бүгүнкү күндө Казакстанда коронавирус жуктургандардын саны 685 адамга жетти.
Алардын ичинен:
- 222 адам Нур-Султан шаарында;
- 119 адам Алматы шаарында;
- 55 адам Караганда облусунда;
- 42 адам Акмола облусунда;
- 32 адам Атырау облусунда;
- 45 адам Жамбыл облусунда;
- 20 адам Шымкент шаарында;
- 6 адам Чыгыш Казакстан облусунда;
- 10 адам Алматы облусунда;
- 11 адам Актөбө облусунда;
- 25 адам Түндүк Казакстан облусунда;
- 1 адам Павлодар облусунда;
- 5 адам Мангистау облусунда;
- 54 адам Кызылордо облусунда;
- 2 адам Чыгыш Казакстан облусунда;
- 33 адам Түркстан облусунда;
- 3 адам Костанай облусунда.
Булак: Баракелде