Испаниянын Барселона шаарында дайыма эл көп болот.

Бирок азыр эмес. Каталон полициясы эл толуп турган көчөлөр бош калганын дрон аркылуу видеого тартып, жарыялашканын «euronews» басылмасы жазды.

Полиция аймактын жашоочуларына карантин эрежелерин сактаганы үчүн ыраазычылык билдирди: «Үйдө калганыңыздар үчүн рахмат», - деп жазышкан.

Учурда Испания коронавирус инфекциясын жуктургандардын саны боюнча Европа өлкөлөрүнүн арасында биринчи орунда турат. Акыркы маалыматтар боюнча, 130 миңден ашык адам вирус жуктурган. Бирок төрт күндөн бери каза болгондордун саны азайып жатканы байкалууда. Испанияда карантин март айынын ортосунда киргизилген.


Булак: Баракелде