Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 127

Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсондун саламаттыгы начарлап, реанимацияга которулду.

Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

«6-апрель күнү түштөн кийин премьер-министрдин абалы начарлап, аны караган медициналык топтун кеңеши менен ооруканадагы интенсивдүү терапия которулду «, — деп айтылат Даунинг стрит — британ өкмөтүнүн билдирүүсундө.

Жонсон коронавирус жуктуруп алганы 27-мартта белгилүү болгон. Өкмөт башчынын дене табы түшпөгөндүктөн 5-апрелдин кечинде Лондондогу “Ыйык Фома” госпиталына жаткырылган эле.

Ал “зарылчылык жаралса” ордунда иштеп турууну тышкы иштер министри Доминик Раабдан өтүнгөнү да кабарланды.

Борис Жонсон 55 жашта. 2019-жылдын 24-июлунан тартып Британиянын өкмөтүн жетектөөдө. Ага чейин тышкы иштер министри, Лондондун мэри болгон.

Булак: Элгезит