Расмий маалыматтар боюнча, Кытайда бир суткада 32 адам коронавирус жуктурган, бирок бир дагы адам каза болгон эмес.
Улуттук саламаттыкты сактоо комиссиясы коронавирус боюнча күнүмдүк маалыматтарды жарыялай баштагандан — 25-январдан бери биринчи жолу өлкөдө COVID-19 вирусунан каза болгондор катталган жок.
Акыркы эки жумада каза болгондордун саны бирден жетиге чейин болду. Жалпы 55 адам көз жумуп, алардын ичинен 51 бейтап Ухань шаарында.
Кытайда каза болгондордун жалпы саны 3212 адамды түзөт.
Булак: Баракелде