Израилдин саламаттыкты сактоо министри Яаков Лицмандан жана анын жубайынан коронавирус инфекциясы аныкталганын «Jerusalem Post» гезити жазды.
Басылманын маалыматы боюнча, аны менен байланышта болгон бир нече мамлекеттик кызматкер — премьер-министр Биньямин Нетаньяху, Тышкы чалгындоо кызматынын башчысы Йосси Коэн, Улуттук коопсуздук кеңешинин жетекчиси Меир Бен-Шаббат жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин башкы директору Моше Бар Симан-Тов карантинге жөнөтүлдү.
Булак: Баракелде