Бишкек, “Саясат.kg”.  Түркияда коронавирус дартынын кесепетинен көз жумгандардын саны 277 адамга жетти.

Ал эми, акыркы сутка ичинде  бул илдеттен 63 адам көз жумган. Бул тууралу  өлкөнүн саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожага  маалымдаган.

Бүгүнкү күндө Түркия мамлекетинде  15,6 миң адамдан коронавирус аныкталган. Фахреттин Кожаганын айтымында, өлкөдө 14,3 миң адам коронавируска  карата тест тапшырып, 2,1 миң жаңы учур катталды.  Ошондой эле алардан ичинен  333 адам бул илдеттинен сакайып чыккан.

Кыргызстанда коронавирус оорусун жуктургандардын саны 116 адамга жеткен.