Африканын Бурунди Республикасында жана Сьерра-Леоне Республикасында коронавирус боюнча алгачкы учурлар катталды.

Бул тууралуу «РИА Новости» жергиликтүү басылмаларга шилтеме берүү менен билдирди.

Бурундинин эки жаранынан оору аныкталды. Экөө тең чет өлкөдөн — Руанда жана Бириккен Араб Эмираттарынан барган.

Сьерра-Леоне Республикасынын президентинин билдирүүсү боюнча, коронавирус жуктурган жаран Франциядан барып, дароо карантинге жайгаштырылган. Буга чейин аталган республикада коронавирустун жайылуусун алдын алуу үчүн 12 айга өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

Булак: Баракелде