Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 115

Анын ичинен 29 адам Тэгу провинциясында, Түндүк Кенсандан экөө, Сеулдун чөлкөмүнөн 52 адам ооруга кабылган.

Жалпы өлкөдө 9 887 адам илдетти жуктурган. Үч киши өлдү. Илдет өлкөгө жайылгандан бери оорудан 165 адам көз жумган. 159 адам оорудан айыгып чыкты, жалпы өлкө боюнча 5 567 адам коронавирустан сакайып чыккан.

Өлкө бийлиги шаршембиден тарта чет мамлекеттерден келгендер эки жумалык карантинге алынарын жарыялады. Изоляцияга алынган адамдардын баарына чөнтөк телефондоруна өздөрүнүн кайда жүргөнүн аныктоочу тиркеме жүктөө милдеттендирилди.

Түштүк Кореяда коронавирус илдети январь айында күчөп барып, кайра басаңдаган болчу.

Булак: Азаттык