31-мартка карата Өзбекстанда коронавирус жуктургандар дагы 5 адамга көбөйүп, бейтаптардын жалпы саны 172 адамга жетти.

Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Бул өлкөдө коронавирус инфекциясынын кесепетинен 2 адам каза болду. Ошондой эле 8 адам бул илдеттен айыкты.

Кыргызстанда коронавирус боюнча 107 учур катталды.

Казакстанда 343 адамдан коронавирус аныкталды.

Булак: Баракелде