Бүгүн, 31-мартка карата Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын саны 9 адамга көбөйүп, бейтаптардын жалпы саны 167 адамга жетти.
Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Бүгүнкү күндө Өзбекстанда коронавирус инфекциясынын кесепетинен 2 адам көз жумду. Ошондой эле бул илдеттен 7 адам айыкты.
Ал эми Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны 107 адамга жетти.
Булак: Баракелде