Моңголияда коронавирусту биринчи болуп жуктурган бейтап ооруканадан чыгарылды.
Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигине шилтеме берүү менен жазды.
Буга чейин Жугуштуу ооруларды изилдөө борборунун директору 2 адам коронавирустан айыкканын билдирген болчу. Бирок алар азырынча дарыгерлердин көзөмөлүндө болушат. Эки бейтаптын акыркы анализинен коронавирус аныкталган эмес.
Моңголияда коронавирустан айыккан бейтаптардын баары 14 күн изоляцияда болот.
Булак: Баракелде