Бүгүн, 31-мартта саат 09:40ка карата Казакстанда дагы 17 адамдан коронавирус аныкталды.
Жаңы учурлар Нур-Султан шаарында (2 учур), Алматыда (9 учур), Караганда облусунда (3 учур), Атырау, Актөбө, Түндүк Казакстан облустарында бирден учур катталганын өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Бүгүнкү күндө бул өлкөдө коронавирус инфекциясын жуктургандардын саны 325 адамга жетти.
Алардын ичинен:
- Нур-Султанда 175 адам;
- Алматы шаарында 82;
- Карагандада 13;
- Атырау облусунда 13;
- Акмола облусунда 10;
- Жамбыл облусунда 3;
- Чымкентте 2;
- Чыгыш Казакстан облусунда 2;
- Алматы облусунда 8;
- Актөбөдө 3;
- Түндүк Казакстан облусунда 2;
- Павлодарда 1;
- Мангистау облусунда 1;
- Кызыл-Ордо облусунда 8;
- Батыш Казакстан облусунда 2 адам бар.
Булак: Баракелде