Казакстанда коронавирус жуктурган дагы 6 учур катталып, ооруга чалдыккандардын саны 308ге жетти.

Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги билдиргенин Казакстандын телеграф агенттиги жазат.

Аталган министрлик билдиргендей, 6 кишинин бешөөсү Нур-Султан шаарында болсо, Акмола облусунда бир адамда оору аныкталган.

Белгилей кетсек, учурда Казакстанда 21 адам коронавирустан айыгып чыккан.

Булак: Кабар