Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 203

Түркияда COVID-19 коронавирусунан 131 адам каза болду.

Бул тууралуу өлкөнүн саламаттыкты сактоо министрлиги кабарлады.

Ал эми коронавирусту жуктургандардын жалпы саны 9200дөн ашты. Аны менен катар 105 жаран илдеттен айыгып, үйлөрүнө чыгарылган.

COVID-19 илдетине кабылгандардын арасында полиция кызматкерлери, дарыгерлер жана футболисттер да бар.

Коронавирус инфекциясынын жайылышынын алдын алуу максатында Түркия 27-мартта бардык эл аралык каттамдарын токтоткон.

Булак: Маралфм