Россиянын 16 аймагында акыркы суткада коронавирус жуктурган 196 жаӊы учур катталды.
Ал эми Мордовия менен Дагестанда алгачкы жолу коронавирус менен ооруган адамдар аныкталды. Жалпы Россия боюнча 7 адам коронавирустан толугу менен айыкты.
Коровирус жуктурган бейтаптардын ичинен: Москвада – 157 учур, Крымда – 12 учур, Москва облусунда – 8 учур, Волгоград облусунда – 3 учур, Чечен Республикасында – 2 учур, Мордовияда – 2 учур, Удмуртта – 2 учур, Самара облусунда – 2 учур, Иванов облусунда – 1 учур, Орлов облусунда – 1 учур, Тульск облусунда- 1 учура, Ярославск облусунда – 1 учур, Дагестанда – 1 учур, Ростов облусунда – 11 учур, Татарстанда – 1 учур, Киров облусунда – 1 учур аныкталды.
Бүгүнкү күндө Россиянын 58 аймагында 1036 адамга коронавирус жуккан.
Булак: Баракелде