Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 118

Казакстанда коронавирустан адам каза болгон алгачкы учур катталды.

Бул тууралуу «Zakon.kz» басылмасы Казакстандын маалымат жана коомдук өнүгүү министри Даурен Абаевге шилтеме берүү менен билдирди.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, Акмола облусунун 64 жаштагы тургуну (аял киши) жалпы эки тараптуу пневмониядан (өпкөнүн сезгениши), дем алуунун жетишсиздиги, кан диабети, атеросклероз жана кан басымынын жогорусунан улам көз жумган.
Аталган жаран Нур-Султан шаарында жайгашкан бир катар ооруканаларда болгон.

Булак: Баракелде