Бүгүн, 26-мартта саат 16:20га карата Казакстанда дагы 12 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Алматы шаарында 6, Нур-Султанда жаңы 6 учур катталган. Бүгүнкү күндө Казакстанда коронавирус жуктургандардын саны 109 адамга жетти.
Алардын ичинен:
- 61 адам Нур-Султанда;
- 40 адам Алматыда;
- 2 адам Карагандада;
- 1 адам Алматы облусунда;
- 1 адам Ак-Төбө облусунда;
- 2 адам Шымкент шаарында;
- 1 адам Жамбыл облусунда;
- 1 адам Түндүк Казакстанда.
Булак: Баракелде