Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 129

Бүгүн, 26-мартка карата Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын саны 5 адамга көбөйүп, бейтаптардын жалпы саны 65 адамга жетти.

Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Министрликтин маалыматы боюнча, инфекция Фергана шаарынын Сауд Арабияга кичи ажылыкка барып келген жашоочусу (аял киши), келини жана 2 баласынан аныкталды. Алар учурда жугуштуу оорулар ооруканасында дарыланып жатат.

Ал эми дагы бир бейтап Ташкенттеги клиникада дарыгерлердин көзөмөлүндө.

Булак: Баракелде