Дүйнө жүзүндө коронавирус инфекциясын 197 өлкөдө 400 миңден ашык адам жуктурду.

Бул тууралуу бүгүн, 26-мартта эртең мененки онлайн маалымат жыйында коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Ахматова Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмуна шилтеме берүү менен билдирди.

Анын айтымында, дүйнөдө коронавирус инфекциясынын кесепетинен 18 миң 440 бейтап каза болуп, 113 миң 770 адам айыкты.

Бүгүнкүгө карата Кыргызстанда коронавирус жуккан жаңы бейтап катталган жок.

25-марттагы 2 адамды кошкондо Кыргызстанда жалпы бейтаптардын саны 44 адамга жетти.

Өлкөнүн аймактарындагы көрсөткүч (жалпы 44 адамда коронавирус аныкталды):

Ош облусунда – 20 учур;

Жалал-Абад облусунда – 19 учур;

Бишкек шаарында – 3 учур;

Чүй облусунда – 1 учур;

Баткен облусунда – 1 учур.

Булак: Баракелде