Испаниянын Өзгөчө кырдаалдар бригадасынын аскер кызматкерлери коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү үчүн тартылды.
Алар өлкөнүн ар кайсы провинциясындагы карылар үйүн дезинфекциялап, кароосуз калган улгайган бейтаптарды табышты, арасында каза болгондору да бар. Бул тууралуу «Свобода» радиосу маалымдады.
Карылар үйүндөгү кызматкерлер аларды кароосуз таштап кеткен учурлар болгон. Айрым учурларда санитарлар бул адамдар коронавирустан каза болду деп эсептеп, алардын денесин өлүкканага жеткирүүдөн коркуп, төшөктө калтырышкан.
Испаниянын коргоо министри Маргарита Роблес аскерлер мындай учурларда катуу тартипте иштей турганын жар салды. Ал эми Башкы прокуратура кылмыш иш козгоду.
Испанияда калктын дээрлик 19 пайызы 65 жаштан ашкан адамдар. Өлкөдө 11-апрелге чейин катуу тартиптеги улуттук карантин киргизилди. Учурда эпидемия Испанияда Италияга караганда бат тарап жатат. Муну менен катар эле бейтаптарга жасалма дем алдыруучу аппарат жетишпей, дарыгерлер жашоого көбүрөөк мүмкүнчүлүгү бар жаштардын өмүрүн сактап калууга аракет жасоодо.
Испания коронавирустан каза болгон адамдардын саны боюнча Кытайдан ашты. Эпидемия башталгандан бери өлкөдө 3434 адам каза болду. Ал эми бул ооруну жуктургандардын саны бир суткада 8 миң адамга көбөйүп, бир күндө 700 бейтап көз жумган.
Булак: Баракелде