Өзбекстанда коронавирус жалпы 60 адамдан аныкталды.

Расмий маалыматты өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги тараткан.

Жаңы катталган намангандык бейтап Түркиянын Стамбул шаарынан кайтып барган. Учурда ал Намангандагы жугуштуу оорулар ооруканасында дарыланып жатат.

26-мартта саат 08:25ке карата Казакстанда коронавирус жуктурган бейтаптардын жалпы саны 88 адамга жетти.
Кыргызстанда 25-мартта аныкталган 2 адамды кошкондо жалпы 44 адамга коронавирус жуккан.
Өзбекстанда көчөгө бет кабы жок чыккан адамдарга айып пул салына баштады. Жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарындагы маалыматтар боюнча, айып пулдун көлөмү 70 долларга чейин жетет.

Тактап айтканда, алгачкы айып пул 223 миң сум (23 доллар) болсо, экинчи жолку эреже бузуудагы айып пул 669 миң сумга (70 доллар) жетет. Эреже бузган адамдарга Улуттук гвардиянын кызматкерлери жана кайгуулчулар көзөмөл жүргүзүшөт.

Мындай эреже 23-марттан тарта башталган. Учурда Өзбекстанда айлык акынын төмөнкү көрсөткүчү — 23 доллар.

Булак: Баракелде