Казакстанда коронавируска чалдыккан 2 адам илдеттен айыкты.

Бул тууралуу өлкөнүн маалымат жана коомдук өнүктүрүү министри Даурен Абаев брифинг учурунда билдирди.

«Эртең 2 жаран ооруканадан чыгарылат. Алар коронавирус илдетинен айыкты»,-дейт министр.

Абаев медицина кызматкерлерине ыраазычылык айтып, жыйынтык маанилүү экендигин белгиледи.

25-мартка карата Казакстанда жалпы 80 адам COVID-19 коронавирусу менен катталган.

Булак: Маралфм