Кечээ Түркиянын аймагында жаңы коронавирус дартынан дагы 5 адам көз жумду. Өлкөдө бул дарттан жалпы 9 адам каза болду.
Өлкөнүн саламаттыкты сактоо министри социалдык түйүндөгү баракчасына: «Иммунитети жакшы эмес 5 карыябыздан айрылдык», - деп жазган. Анын айтымында, жалпы бейтаптардын саны 670 болуп, акыркы сутка ичинде 311 учурга көбөйгөн.
Президент Режеп Тайип Эрдоган болсо жарандарды көчөгө чыкпоого чакырды.
Булак: Баракелде