Францияда коронавирус жуктургандардын саны бир суткада 1617 адамга көбөйдү.

Францияда коронавирус жуктургандардын саны бир суткада 1617 адамга көбөйдү. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттыкты сактоо башкы дирекциясынын жетекчиси Жером Саломон билдирди.

Анын айтымында, вирус жуктурган 5226 адам ооруканага жаткырылса, алардын ичинен 1297 адамдын абалы оор, жандандыруу бөлүмүндө.

Францияда коронавирус жуктурган жалпы 12 612 учур катталды. Ал эми каза болгондордун саны 450 адамга жетти.

Булак: Баракелде