Италияда бир күндө коронавирус инфекциясынын кесепетинен 627 адам каза болду.

Бул бир күндө каза болгон адамдардын эң жогорку көрсөткүчү.

19-мартта бул өлкөдө коронавирустан 427 адам көз жумган. Ал эми каза болгондордун жалпы саны 4032 адамга жетти. Италия коронавирустан каза болгон адамдардын саны боюнча Кытайдан ашты.

Италиянын Жарандык коргоо кызматынын маалыматы боюнча, өлкөдө 47 021 адам коронавирус жуктурду.

Кытай коронавирус боюнча тажрыйбасы менен бөлүшүүгө бир топ эксперттерин Италияга жөнөткөн. Алардын бири Ломбардия регионунда вируска каршы көрүлүп жаткан чаралар жетишсиз деп айтканын «South China morning post» басылмасы жазган.

«COVID-19 вирусун жуктургандардын көп бөлүгү Милан шаарындагылар. Мен коомдук унаалар дагы деле иштеп жатканын көрдүм. Эл дагы деле көчөлөрдө жүрөт. Мейманканаларда бет кап тагынбай эле жыйындар өтүлүүдө», - деп Кытайдын Кызыл ай коомунун президенти Сунь Шуопэн Миландагы жыйында билдирген.

«Мен адамдар эмнени ойлоп жатканын билбейм. Биз үйдө болуп, адамдардын өмүрүн сактоо үчүн бардык күчүбүздү жумшашыбыз керек. Бардык керектүү каражаттарды, чараларды кабыл алуу керек», - деген ал.

Булак: Баракелде