Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) башкы катчысы Антониу Гутерриш 19-марттагы кайрылуусунда коронавирустун кесепетинен дүйнөдө төмөндөө көрсөткүчтөрү рекорддук деңгээлде болушу мүмкүн деген ишеним жаралганы билдирди.
Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) башкы катчысы Антониу Гутерриш 19-марттагы кайрылуусунда коронавирустун кесепетинен дүйнөдө төмөндөө көрсөткүчтөрү рекорддук деңгээлде болушу мүмкүн деген ишеним жаралганы билдирди.
“Биздин дүйнө жалпы душман менен беттешүүдө. COVID-19 адамдарды өлтүрүп, экономикага, тагыраагы соодага, товар жеткирүүгө, бизнеске, жумуш орундарына чабуул коюуда. Бул глобалдык кризиске каршы бардык дүйнө лидерлерин биригип, чукул жана бир багыттуу жооп сунуштоого чакырам” — деди Гутерриш.
Гутерриш алгач адамдардын саламаттыгы үчүн жаралган коркунучтарды азайтып, экономиканы калыбына келтирүү зарыл экенин белгиледи.
«Эң өнүккөн өлкөлөрдүн саламаттык сактоо системасы да басымга туруштук бере албай жатканын көрүп жатабыз. Тесттерге болгон муктаждыкты канааттандыруу, ооруканаларды куруу жана бардык зарыл медициналык каражаттарды жеткирүү үчүн саламаттык сактоо тармагына бөлүнгөн каражатты тез арада көбөйтүү керек», — деди баш катчы.
Гутерриш Сауд Арабиясынын «Чоң жыйырма» саммитин уюштуруу ниетин колдой турганын айтып, ага катыша турганын билдирди.
Буга чейин Сауд Арабиясы кийинки жумада онлайн режимде «Чоң жыйырманын» чукул саммитин уюштуруп, COVID-19 пандемиясына каршы биргелешип күрөшүү маселесин талкуулоого шарт түзүү ниетин билдирген.
Акыркы маалыматтар боюнча дүйнөдө коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 246 миңден ашып, анын ичинен 10 миңден ашуун киши каза болду. 88 миңден ашык киши айыкты.
Булак: Элгезит