Түркияда коронавирус дартын жуктургандардын жалпы саны 359 адамга жетип, 4 адам каза болду.
Бул тууралуу Түркиянын Саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожа билдиргенин жалпыга маалымдоо каражаттары жазышты.
«Акыркы 24 сааттын ичинде 1981 адам тест тапшырып, алардын ичинен 168 адамда коронавирус бар экени аныкталды. Коронавирус дартын жуктургандардын жалпы саны 359 адамга жетти.
Ошондой эле акыркы суткада 85 жаштагы аял каза болду. Аталган дарттан жалпы 4 адам каза болду», - деп билдирди Фахреттин Кожа.
Министр каза болгондор 89-61-79 жана 85 жаштагы адамдар экенин кошумчалады.
Источник: Баракелде